Кесипти туура тандоо. Кыргызстанда окуучулардын шык-жөндөмдөрун аныктоо механизмдер киргизилип жатат

Германиянын эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун “Эмгек рыногундагы кызматтардын сапатын көтөрүү” багыты боюнча Каракол, Нарын, Талас, Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Өзгөн шаарларынын иш менен камсыздоо кызматтарынын адистери пилоттук мектептерде кесипке багыт берүүчү күндөрдү өткөрүүдө. Ал эми жайкы каникул маалында лагерлерде ушул эле иш чаралар 8-9-класстын окуучлары үчүн уюштурулат.

Иш менен камсыздоо кызматтарынын кесипке багыт берүү менен алектенген кызматкерлери өз тармагында кесипке багыт көрсөтүү боюнча системдүү мамилени киргизүү жана жайылтууда мультипликатор болушат. Системдүү мамиленин ичине окуучуларды жана чоңдорду кесипке багыттоо боюнча системдүү жана туруктуу концепцияларды калыптандыруу кирет. Бул шык-жөндөмдөргө кызмтакерлерди эл аралык деңгээлдеги эксперттер окутту.

Мисалы, жайкы лагерь концепциясы бир нече компоненттерден турат, бул өзгөчө жогорку класстын окуучуларына каникул маалында кесипке багыт берүү жана инструменттерди сыноодон өткөрүүгө туура келет. Лагерь кесипти кунт коюп тандоого жардам берет. Үйдөн жана мектептен алыстагы өспүрүмдөр кесиптердин дүйнөсүнө сүңгүп кире алат. Инстурменттердин топтомунда ар түрдүү окуялардын маршрутун (паркур) камтыйт. Бул окуучуларга өздөрүнүн кесиптик потенциалын, күчтүү жактарын жана шык-жөндөмдөрүн ачууга жардам берет. Балдар жана кыздар үчүн жеке курстар (паркур) жана “мобилдүү паркур” сыяктуу жалпы паркурлар сунушталды.

Эркек балдарга үй чарбасын алып баруу боюнча паркулар бир канча станциядан турат. Алар практикалык тапшырмаларды аткарып, суроолорго жооп беришет. Концепция үй чарбасын өз алдынча алып баруу, туура тамактануу, керектөөчү катары жоопкерчиликтүү жүрүм-турум жана башка күнүмдүк шыктар боюнча негизги практикалык билимди берет. Гендердик ролдор ийкемдүү боло баштаганына карабай, үй-бүлөдө жана  үй тиричилигинде эмгекти бөлүштүрүүдө дээрлик өзгөрүү болгон жок. Андыктан үй чарбасын алып баруу боюнча курстун идеясы эркек балдарга түздөн-түз багытталып, аларды үйдөгү милдеттерди өз алдынча жана биреликте аткарууга түртөт. Максаты – үйдө жана үй-бүлөдө компетенттүүлүктү, маалымдуулукту көтөрүү.

Кыздар үчүн техникалык паркурду уюштуруунун концепциясы информатика, табигый илимдер жана техника сыяктуу тармактарда өз потенциалын ачууга түртөт.Учурда гендердик ролдор ийкемдүү боло баштаганы менен, салттуу концепциялар жаштардын кесип тандап, жашоосун пландоосуна катуу таасир этет. Кыздар мурдагыдай эле илимий жана техникалык кесиптерди чанда тандашат. Андыктан кыз-келиндер үчүн паркур башкалардын изи менен жүрүүнү токтотуп, илим жана техникага болгон кызыгууну ойготууга багытталган.

Кесиптин мобилдик курсу концепциясы жаштарга өзүн практика жүзүндө сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал “кесиптер тууралуу сүйлөбөңүз, аны түшүнүктүү, сезе турган кылыңыз”  деген принципке негизделген. Жаштар күнүмдүк ишке мүнөздүү тапшырмаларды иш жүзүндө аткарып, өздөрүнүн күчтүү тарабын ача алат. Курс моделдик мүнөздө болуп, ар кайсы тармактагы кесиптердин жалпы маңызын, талаптарын көрсөтөт.

Окуучулар өз шык-жөндөмүн сынап көрүп, упай системасы аркылуу тапшырмаларды баалашат. Алынган жыйынтыкка карап алар өз шыгы ачык байкалган тармактарды аныктап, кесиптик потенциалын так көрө алат.

“Бешти байкап көр” паркуру кесипке багыт берүү темасына киришүү болуп калат. Окуучулар иштин ылдамдыгы, эстин көлөмү, жалпышлаштыруу жөндөмү сыяктуу дисциплина аралык шык-жөндөмдөрүн таба алышат. Катышуу оңой: жөн гана кунт коюп кароо, сезүү, жыттоо, даам татуу жана угуу. Ар бир станция физикалык мааниде сезим-туюмга жооп берет. Беш станцияда окуучулар беш сезимди кызыктуу тапшырмаларды аткаруу үчүн оюн түрүндө колдонушат. Ар бир абалдан кийин катышуучулар кайтарым байланышка ээ болот (кайсы шыгы өзгөчө мыкты болгону тууралуу маалыматтар). Аягында болсо аларды окутуунун предмети тууралуу маалыматтар жана чакан белектер салынган жашыл кап күтүп турат. Компетенциялардын паркуру структуралашкан кесипке багыт берүүгө алып кирүү үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле колдоо көрсөтүүнүн биринчи инструменти да болуп калат.

Жогоруда айтылган инструменттердин баары окуучуларга өз шык-жөндөмүн, күчтүү жактарын жана потенциалын оюн түрүндө аныктап, мындан ары күчтүү жактары менен иштөөгө түрткү берет.

Программа Каракол, Нарын, Талас, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн жана Баткен шаарларындагы 24 пилоттук мектепте иштейт. Ошентип, бул шаарлардагы жаштар жана иш издөөчүлөр кесипке багыт алып, өнөктөштөрдүн чогуу аракетинин арты менен эмгек рыногуна ийгиликтүү сүңгүп кире алат.

Кесипке системдүү түрдө багыт берүү иш менен камсыздоого жана узак мөөнөттүү перспективада өлкө экономикасын бекемдөөгө барандуу салым кошо алат.

Пайдалуу
Ссылкалар