«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын апрель айынын 2 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8 – 15 апрелине чейин 2740 телефондон кайрылуу (же бир суткада 391 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 385 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 35 же  (9,1%) жаш балдардан, ал эми 350 же (90,9%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 349 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 25 абонентке психологиялык консультация берилди, 11 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

385чалуунун  ичинен эркектерден – 78 (20,3%), аялдардан – 307 (79,7%), балдардан– 35: анын ичинен эркек балдардан – 14 (40,0%), кыздардан- 21 (60,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын,   окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 212;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 44;

– социалдык жардам сурап – 21;

– ар кандай суроолор менен – 20;

– медициналык камсыздоо боюнча – 19;

– психологиялык жабырлануудан – 16;

– билим берүү системасы боюнча – 10;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 10;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 9;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7.

2355 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  112 же  (29,1%);

– Ош облусунан – 52 же (13,5%);

– Чуй облусунан – 48  же (12,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 41 же (10,6%);

– Баткен облусунан – 28 же  (7,3%);

– Ысык-Көл облусунан – 26 же (6,7%);

– Нарын обусунан – 13 же (3,4%);

– Талас облусунан – 10 же (0,9%);

– аноним – 55 же (14,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар