Акысыз тейлөө
Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ)
| N к/б | Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы | Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган | Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар | Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары |
| 1. Билим берүүчү жана маданий тейлөөлөр | ||||
| 109 | Кесиптик окутууга, кайра окууга, квалификациясын жогорулатууга жолдомо берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 3. Социалдык тейлөөлөр | ||||
| 1 | Жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды белгилөө жана төлөп берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 3 | Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программанын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 4 | (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
| 12 | Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кыймылдоого жардамчы каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоо, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, майыптык кресло-коляскаларды, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды (таяк жана балдактарды) даярдоо жана берүү (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 13 | Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды оңдоо (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 14 | Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгуу | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 15 | Таяныч-кыймылдоочу аппаратында кемчилдиги бар ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 16 | (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
| 17 | Ай сайын социалдык жөлөк пулдарды белгилөө жана берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 18 | Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул дайындоо жана төлөп берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 19 | Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация дайындоо жана төлөп берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 20 | Юридикалык жана жеке тараптардын отчетторунун негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды 11-иш күнүнөн баштап төлөп берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 21 | Юридикалык жана жеке тараптардын отчетторунун негизинде зыйнаттык (сөөк коюуга) жөлөк пулдарды төлөп берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 22 | 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардын натыйжасында каза болгон жана жоголгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө ай сайын кошумча жөлөк пул дайындоо жана төлөп берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 23 | (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
| 24 | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 25 | социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 26 | жалгыз бой жашаган картаң кишилерди жана ден соолугу чектелген кишилерди үйүндө социалдык тейлөө | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 27 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 27-1 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 769 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
| 4. Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр | ||||
| 1 | Жумушсуз катары каттоо жана тийиштүү маалымдама берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 5. Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматын көрсөтүү | ||||
| 2 | Майыптыгын, тобун, себебин, мөөнөтүн аныктоо боюнча күбөлөндүрүү/кайра күбөлөндүрүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 3 | Майыптык белгилеринин болушуна сырттан жана каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүү жана майыптык боюнча жөлөк пул дайындоо жана төлөп берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 4 | Бала асырап алуу, камкорчу жана көзөмөлчү, асырап алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды, бала (кыз) асырап алуунун, камкорчу жана көзөмөлчү болуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутундуларды берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 5 | Ата-эненин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкынан маалымат берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
| 6 | КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643 токтомуна ылайык күчүн жоготту | |||
Эскертүү: (*) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик алым жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик алым алынат.
2019-02-06














