Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТККА) азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТККА) калктын аярлуу катмарын азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында 12-майда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 900 азык-түлүк топтомун тапшырды. Бул Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашаган муктаж уй-бүлөлөргө таркатылат. Ошондой эле Нарын облусуна – 350, Ысык-Көл облусуна – 400, Ош облусуна – 900, Баткен облусуна – 900, Жалал-Абад облусуна – 800 жана Талас облусуна – 350 азык-түлүк топтомдору таркатылат. Эске салсак, буга чейин аталган агенттик – 100 азык-түлүк баштыкчаларын, 500 медициналык беткап, 500 медициналык колкап, 50 коргоочу костюмдар, 20 коргоочу көз айнек жана 100 даана дезинфекциялоочу каражаттарды бөлүп берген.

Министр Улукбек Кочкоров өз кезегинде Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирип, гуманитардык жардам муктаж жарандарга жеткирилип берилээрин айтты.        

Пайдалуу
Ссылкалар