Министр Улукбек Кочкоров муктаж болгон жарандарга колдоо көрсөткөн кайрымдуулук фонддорго, мекемелерге, эл аралык уюмдарга жана башка жеке ишкерлерге сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 18-июнда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген учурда жардамга муктаж болгон жарандарга колдоо көрсөтүп келген жеке ишкерлерге, инсандарга, кайрымдуулук фонддорго, эл аралык уюмдарга, маданият кызматкерлерине, дин аалымдарына, ыктыярчыларга “Социалдык коргоонун отличниги” төш белгисин, Министрликтин Ардак грамотасын жана Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Өз сөзүндө, ал калктын аярлуу катмары эле эмес, жумушу токтоп, күнүмдүк кирешесинен айрылган катардагы жарандар да тамак-аш, материалдык жактан кыйынчылыкка дуушар болгонун баса белгиледи.

“Мына ушул 3 ай ичинде биздин коомубузда кайрымдуу инсандардын, кайрымдуу мекеме-ишканалардын биз ойлогондон алда-канча көп экенине ынандык. Чындыгында жыл санап соопчулук, кайрымдуулук иштерин жасаган инсандарыбыздын катары көбөйүп жатканына ыраазы болдук. Кыргызстан азыркы күндө да пандемия менен күрөшүп жаткан учуру. Кайрымдуулук азыр да уланып жатат. Мен ишенем, кудай буйруса бул сыноону эртеби-кечпи жеңип чыгабыз.”, -деди Улукбек Кочкоров.

Пайдалуу
Ссылкалар