«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын август айынын 1 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1 – 8 августуна чейин  3104 телефондон кайрылуу (же бир суткада 443 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 71 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 36 (же 50,7  %) жаш балдардан, ал эми 35 (же 49,3%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 45 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 22 абонентке психологиялык консультация берилди, 4 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

71 чалуунун  ичинен эркектерден – 11 (15,5%), аялдардан – 60 (84,5%), балдардан– 36: анын ичинен эркек балдардан – 6 (16,6%), кыздардан – 30 (83,4 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 18;

– психологиялык жабырлануудан – 13;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 7;  

– социалдык жардам сурап – 7;

 – балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– ар кандай суроолор менен –2 ;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 1.

3033 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –19  (же 26,8%);

– анонимдерден – 17 (же 24,0%).

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 11,2%);

– Чуй облусунан – 7  (же 9,9%);

– Ош шаарынан – 6 (же 8,5%).

– Ош облусунан – 3 (же 4,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (же 7,0%);           

– Баткен облусунан – 3 (же  4,2%);

– Талас облусунан – 3 (же  4,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар