“Балдар үчүн  ишеним телефону” борбору “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду менен биргеликте “Кыздардын жана аялдардын укугун коргоо механизмдери” аттуу темада тренинг өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,  111 – “Балдар үчүн  ишеним телефону” борбору,  “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду менен биргеликте USAID жана FHI 360 “Жигердүү Жарандар” долбоорунун колдоосу менен 2020-жылдын 24-августунда  “Кыздардын жана аялдардын укугун коргоо механизмдери” аттуу темада тренинг өткөрдү.

Тренингдин катышуучулары: «111 Балдар үчүн ишеним  телефону» борборунун кызматкерлери, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн башчылары, үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорунун жетекчилери жана адистери, ошондой эле зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борборлорунун жетекчилери, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жана Бишкек, Ош, Каракол, Талас, Түп, Сокулук, Ленинское, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын социалдык педагогодор жана социалдык кызматкерлер.

Иш-чаранын тренери болуп гендердик теңчилик боюнча көзкарандысыз эксперт Римма Султанова өттү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар өспүрүм кыздардын укуктарын коргоо боюнча улуттук жана эл аралык стандарттар, ошондой эле аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган эрежелер менен таанышышты.

Семинардын катышуучулары аялдардын жана өспүрүм кыздардын укуктарын зомбулуктан коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда кыйынчылыктарды жеңүү кадамдарын талкуулашты. Социалдык кызматкерлердин учурлары жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Социалдык кызматкерлер кыздарды жана аялдардын укуктарын гендердик зомбулуктан коргоо жаатында кесиптик потенциалын жана билимин өркүндөтүү үчүн кызыктуу суроолорду берип, зарыл жоопторду алышты.

Белгилей кетчү жагдай, буга чейин 13 жана 14 августта он-лайн тренингдер өткөн.

Пайдалуу
Ссылкалар