«Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталы» иштелип чыгып, Министрликтин расмий сайтында www.mlsp.gov.kg жайгаштырылган

Учурда «Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталы» иштелип чыгып, Министрликтин расмий сайтында www.mlsp.gov.kg жайгаштырылган.

Порталда ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган балдар боюнча (жынысы, курагы, улуту) статистикалык маалыматтар толугу менен жайгаштырылган.

Ошондой эле портал бүткүл республика боюнча балдар тууралуу бирдиктүү маалыматтар банкын камтыйт, бул болсо жарандарга бүткүл өлкө боюнча балдар жөнүндө маалыматтарды онлайн режиминде көрүүгө мүмкүндүк берет.

Бала асырап алууну каалаган жаран үйүнөн чыкпастан эле  электрондук  форматта/онлайн Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө арыз бере алат.

Пайдалуу
Ссылкалар