«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын сентябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1–8- сентябрына чейин 3226 телефондон кайрылуу (же бир суткада 460 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 101 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, анын ичинен 44 (же 43,6%) жаш балдардан, ал эми 57 (же 56,4%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 67 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 23 абонентке психологиялык консультация берилди, 11 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

101 чалуунун  ичинен эркектерден – 24 (же 23,7%), аялдардан – 77  (же 76,3%), балдардан– 44: анын ичинен эркек балдардан – 9 (же 20,4%), кыздардан- 35 (же 79,6 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан –15;

– социалдык жардам сурап –15;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап -10;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу -13;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат –11;

 – балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу –9;

– билим берүү системасы боюнча -7;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу -6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө –5;       

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– медициналык камсыздоо боюнча – 3;

 – ар кандай суроолор менен – 2.

3125 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

  – Бишкек шаарынан – 42  (же 41,5%);

 – Чуй облусунан –  8 (же 7,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 7,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 6 (же 5,9%);

– Ош облусунан – 4 (же 4,0%);

– Баткен облусунан – 4 (же 4,0%);

– г Ош – 2 (же 2,0%);

– Нарын обусунан –  2 (же 2,0%);

– Талас облусунан –  1 (же  1,0%);

– анонимдер – 24 (же 23,8).

 

Пайдалуу
Ссылкалар