Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды 25 категориядагы жарандар алат

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төмөнкүлөр алат:

  1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
  2. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
  3. Советтер Союзунун Баатырлары, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар;
  4. Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары;
  5. “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар;
  6. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар;
  7. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар;
  8. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар;
  9. Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар;
  10. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү;
  11. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
  12. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
  13. “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
  14. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар;
  15. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары;
  16. СССРди коргоодо же башка мезгилде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруудан алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган  мурдагы аскер кызматчылары;
  17. Аскердик кызматтын милдетин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү;
  18. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар;
  19. 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар;
  20. 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар;
  21. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга 1986-1987-жылдардагы катышуучулардын арасынан каза болгондордун жана майып болуп каза болгондордун үй-бүлөлөрү;
  22. Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар;
  23. Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү;
  24. “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдар;
  25. Көрүү боюнча (биринчи жана экинчи тобундагы)  жана угуу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) адамдар.
Пайдалуу
Ссылкалар