Өлкөдө 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык өтүүдө

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык өтүп жаткандыгын маалымдайт.

Бир айлыктын алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандарга кошумча даректүү социалдык колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча максаттуу иш-чараларды жүргүзүшөт.

Министрлик бир айлыктын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларда короновирустук инфекциясы (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин белгилейт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 513,1 миң улгайган жарандар жашайт, бул республиканын жалпы калкынын 8,0% түзөт.

Пайдалуу
Ссылкалар