Жеке ассистенттердин октябрь айынын төлөмү 28-октябрдан 5-ноябрга чейин которулат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган жеке ассистенттердин сентябрь айындагы акысы толугу менен төлөнгөндүгүн билдирет.

Октябрь айынын төлөмү 28-октябрдан 5-ноябрга чейин которулат.

Ошондой эле, Министрлик учурда жеке ассистентерге төлөмдөрдү борборлоштуруу маселеси иштелип жаткандыгын маалымдайт. Иш-чара өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 7621 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтөт.

Пайдалуу
Ссылкалар