2020-жылдын 1-октябрына  карата “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын саны 324 миң адамды түзгөн

2020-жылдын 1-октябрына  карата “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 324,0 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 90,5 миң адамды түздү.

Республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870,5 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3116,0 сомду түздү.

Республикалык бюджеттин каражатынан “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө – 2 млрд. 594 млн. 400 миң сом, ал эми социалдык жөлөкпулду төлөөгө – 2 млрд. 682 млн. 800 миң сом каржыланган.

Пайдалуу
Ссылкалар