КРЭӨ министрлиги бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана өнүктүрүү министрлиги

бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

  1. Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин.

 

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү;

 

  1. Билгичтиги:

– компьютерде жана мобилдик түзүлүштөрдө иштөө;

– компьютер жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);

– чоң маалымат массивдери менен иштөө: жаңы маалыматтарды иштеп чыгуу жана түзүү;

– маалыматтарды берүү;

– оргтехника менен иштөө.

Эмгек башкармалыгы 

Жетектөөчү адис (К-А) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – юридикалык, гуманитардык, экономикалык жана/же социалдык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

– Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзамын.

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикалык иште колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

– командада иштөө;

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттери:

– бюджеттик чөйрөдө эмгек акы төлөө жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдайт;

– эмгек акы төлөө маселелери боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;

– эмгек акы төлөө маселелери боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларга экспертиза жүргүзөт;

– белгиленген тартипте уюмдун жана жарандардын эмгек акы төлөө боюнча каттарына жана арыздарына жооп берет;

– эмгек акы төлөө маселелери боюнча консультациялык жардам көрсөтөт.;

– башкармалыктын начальнигинин тапшырмаларын өз компетенциясынын чегинде аткарат;

– даярдалган жана тапшырылган документтердин сапаты жана тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Гендердик маселелер боюнча бөлүм 

Адис (К-Б) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык, юридикалык жана же социалдык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдарын;

– чет тилин билүү (артыкчылыктуу)

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикалык иште колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

– командада иштөө.

Көндүмдөр:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди түзүү;
  • жоопкерчиликтин жана демилгелүүлүктүн жогорку деңгээли;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • стресске туруктуулугу жана эмоционалдык жактан ийкемдүүлүгү;
  • өзүнүн көз карашынын болушу жана аны жактай билүүсү;
  • өзүн башкаруу жана өзүнө ишенимдүү болуу жөндөмдүүлүгү;
  • ички маданиятынын жогорку деңгээлде болуусу;

–    өзүнүн билимин дайыма өркүндөтүүгө, критиканы кабыл алууга умтулуу;

–    толеранттуулук.

Функционалдык милдеттери:

– министрликтин расмий сайттарында, ЖМКларда жетекчиликке берүү үчүн маалыматтык материалдарды даярдайт;

– ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат, макулдашуу жол-жобосун өткөрөт жана Регламентке ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберет;

– бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы гендердик маселелер боюнча жооптуу кызматкерлердин маалыматтар базасын жүргүзөт;

– бөлүмдүн ыкчам кеңешмелеринин, жумушчу топтордун отурумдарынын протоколдорун жүргүзөт;

– бөлүмдүн документтерин системага салат, архивге өткөрүү үчүн иштердин номенклатурасын түзөт;

– бөлүмдүн иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү жана документтердин өз убагында аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;

– тегерек стол, семинар, тренингдерге катышат;

– бөлүмдө документтердин өз убагында аткарылышын контролдойт;

– бөлүмдүн кызматкерлеринин ишке келишин эсепке алуу журналын жүргүзөт;

– НПД боюнча жана  бөлүмдүн иши тууралуу жума сайын, ай сайын, кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторду даярдайт;

– берилүүчү маалыматтардын жана документтердин сапаты жана аныктыгы үчүн бөлүм башчы алдында жеке жоопкерчилик тартат;

– бөлүмдүн компетенциясына кирген бөлүм башчынын бардык тапшырмаларын аткарат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1.Жеке арызы;

  1. Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы (3х4);
  2. Автобиография (соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымат көрсөтүү менен);
  3. Резюме;
  4. Паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспортунун же ким экендигин аныктаган документинин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6.Керектүү кесиптик билими, иш стажы жана квалификациясы жөнүндө тастыктоочу (нотариалдык жактан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими тууралуу документтеринин, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү);

  1. Документтер ылдам тиккичте (скоросшиватель) Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215 (Киев көчөсү менен кесилишет), 2-кабат, №204 кабинет дареги боюнча 2020-жылдын 28 декабрь күнү саат 18:00го чейин тапшырылышы керек.

Кошумча маалыматты 663685 телефону же www.mlsp.gov.kg. сайты боюнча алуу болот.

Пайдалуу
Ссылкалар