“Өнүгүү” балдар борбору” мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн “Балдарды бактылуу кылалы” аттуу жаңы жылдык иш-чара уюштурду

“Өнүгүү” балдар борбору” коомдук бирикмеси мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн “Балдарды бактылуу кылалы” аттуу жаңы жылдык иш-чара уюштурду. Ага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева катышты.

Коомдук бирикменин директору Саида Абдукадырованын айтымында, борборду мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери түзүшкөн.

“Биз балдарга коррекциялык психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтөбүз: когнитивдик көйгөйлөр менен, сүйлөө бузулуулары менен, Кохлеардык имплантаттар менен, угуу жөндөмдүүлүгү, Даун синдрому, церебралдык шал оорусу, Аутизм жана башкалар. Мындан тышкары, биз  турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтөбүз”, – дейт ал.

Иш-чарада министрдин орун басары бардык балдарга белектерди тапшырды.

Пайдалуу
Ссылкалар