Өгөй атасы тарабынан зомбулукка кабылган өспүрүм кыз убактылуу чоң энесинде жашайт
Жалпыга маалымдоо каражаттарында таркатылган Токмок шаарында өгөй атасы тарабынан 15-жашар кызга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөндүгү жөнүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө билдирүү Токмок шаарынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынан келип түшкөндүгүн жана маалыматка байланыштуу 5-декабрда түнү окуя болгон жерге бирге чыгуу уюштурулгандыгын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
Келип чыккан үй-бүлөлүк чыр-чатакты тактоо учурунда, үй-бүлөнүн улуу кызынан ага өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле, ата-энеси 3-класста окуп жүргөн кезде кызды Кемин районундагы мектептин маалымкатынын негизинде мектептен алып кеткени аныкталды.
Үй-бүлөдө 8 бала тарбияланат, кичүүсү ымыркай. Токмок шаарынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгындагы үй-бүлө бакубатсыз же муктаж, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган эмес.
Аныктоо учурунда эне менен баланын ортосундагы мамиле туруктуу болгон эмес, бала чыңалган моралдык-психологиялык абалды көрсөткөн.
Фактыны карап жатканда, психиатр катышып, анын багыты боюнча кыз Республикалык психикалык саламаттык борборуна жаткырылган, учурда ал дарыланып жатат.
Бүгүнкү күндө Токмок шаарынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан үй-бүлөнү баалоо иштери жүргүзүлүп, анын негизинде баланы коргоо боюнча жеке план жана үй-бүлө менен жекече иштөө планы иштелип чыгып, аны Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссия карап чыгууда.
Пландарда тергөө аяктаганга чейин кызды тууганынын (чоң энесинин) үй-бүлөсүнө убактылуу жайгаштыруу, ошондой эле реабилитациялык, медициналык жана психологиялык кызматтарды көрсөтүү, жашы жете элек кызды билим алууга тартуу боюнча чаралар камтылган. Ошондой эле, ата-эне менен баланын мамилесин калыбына келтирүү максатында туугандары менен иштөө күтүлүүдө.