Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу үчүн Балдардын ишеним телефону иштейт

Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу чараларын кабыл алуу үчүн Министрликке караштуу 111 кыска номери менен “Балдардын ишеним телефону” борбору – мамлекеттик мекемеси иштейт.

Борбор күнү-түнү иштей тургандыгын Министрлик белгилейт. Борбордун психологдору абоненттерге, анын ичинде балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле жасалган учурларда консультациялык-психологиялык жардам көрсөтөт. “111” номерине келип түшкөн чалуулардын бардыгы жазылат.

Борбор баланын (балдардын) укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды чогултат жана аларды балдарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган органдарга жана мекемелерге жиберет.

Маалыматтарды топтоо телефон боюнча кабыл алынган катталган билдирүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Абоненттердин кайрылуусу боюнча тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрү кабарланып, иш алып баруусу сунушталат.

Пайдалуу
Ссылкалар