«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын март айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын март айында 9463 телефондон кайрылуу (же бир суткада 305 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 243 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 76 же 31,3% жаш балдардан, ал эми 167 же 68,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 172 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 40 абонентке психологиялык консультация берилди, 31 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

243 чалуунун  ичинен эркектерден –61 (же 25,1%), аялдардан – 182 (же 74,9%), балдардан– 76: анын ичинен эркек балдардан – 19 (же 25,0%), кыздардан – 57 (же 75,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 55;

– психологиялык жабырлануудан – 37;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 35;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 27;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 25;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 20;

– балдарга кайдыгер мамиле тууралуу- 9;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат -7; 

– медициналык камсыздоо боюнча – 5;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 5;

– ар кандай суроолор менен- 5;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– суицид тууралуу – 2.

9220 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 76  (же 31,3%);

Чүй облусунан – 48 (же 19,7%);

Ысык-Көл облусунан – 24 (же 9,9%);

Жалал-Абад облусунан – 14  (же 5,8%);

Ош облусунан – 14 (же 5,8%);

Ош шаарынан – 9  (же 3,7%);

Баткен облусунан – 7 (же 2,9%;)

Нарын облусунан – 6 (же 2,5%);

Талас облусунан – 5 (же 2,0%);

анонимдерден – 40 (же 16,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар