«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын апрель айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 22 – апрелинен 1- майына чейин 3226 телефондон кайрылуу (же бир суткада 358 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 80 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 24 же 30,0 % жаш балдардан, ал эми 56 же 70,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 60 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 14 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

80 чалуунун ичинен эркектерден – 16 (же 20,0%), аялдардан – 64 (же 80,0%), алардын ичинен жаш балдардан – 24: эркек балдардан – 4 (же 16,7%), кыздардан – 20 (же 83,3 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 15;

– психологиялык жабырлануудан – 14;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 12;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 10;

– билим берүү системасы боюнча – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 5;

– ар кандай суроолор менен – 4;

– аялдарга үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1.

3146 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 31 (же 38,8%);

– Чуй облусунан – 12 (же 15,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 8,7%);

– Ысык-Көл облусунан – 6 (же 7,5%);

– Ош шаарынан – 4 (же 5,0%);

– Нарын облусунан – 3 (же 3,7%);

 – Баткен облусунан – 3 (же 3,7%);

– Талас облусунан – 2 (же 2,5%);

– Ош облусунан – 1 (же 1,3%);

– анонимдерден – 11 (же 13,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар