«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын октябрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1-октябрынан 1- ноябрына чейин 7990 телефондон кайрылуу (же бир суткада 257 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 214 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 60 же 28,0% жаш балдардан, ал эми 154 же 72,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 150 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 33 абонентке психологиялык консультация берилди, 31 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

214 чалуунун  ичинен эркектерден – 37 (же 17,3%), аялдардан – 177 (же 82,7%), жаш балдардан– 60: анын ичинен эркек балдардан – 16 (же 26,7%), кыздардан – 44 (же 73,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 47;

– психологиялык жабырлануудан – 30;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 26;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 26;

– билим берүү системасы боюнча – 17;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 16;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 11;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 10,

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 9;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 7;

– ар кандай суроолор менен – 5;

– медициналык камсыздоо боюнча – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 4;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2.

7776 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 79 (же 36,9%);

Чүй облусунан – 39 (же 18,2%);

Ысык-Көл облусунан – 16 (же 7,5%);

Ош облусунан – 14 (же 6,5%);

Ош шаарынан – 6  (же 2,8%);

Жалал-Абад облусунан – 5 (же 2,3%);

Нарын облусунан –  4 (же 1,9%);

Талас облусунан – 4 (же 1,9%);

Баткен облусунан – 2 (же 1,0%);

анонимдерден – 45 (же 21,0%).

 

Пайдалуу
Ссылкалар