Кудайберген Базарбаев “Кыргызстан майыптар Ассоциациясынын” ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кыргызстан майыптар Ассоциациясынын” ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын биринчи объектиси болуп «Кыргыз республикалык майыптар коому» коомдук бирикмесинин төрагасы Шукурбек Кучкачов жетектеген пластикалык терезе, эшик, жумшак эмерек чыгаруучу цех, ошондой эле ширетүүчү цех жана компьютердик окуутуу жайы болду. Аталган цехтерде мүмкүнчүдүгү чектелген адамдар бекер үйрөнүшүп жумуш менен камсыз болот.
Ассоциациянын директору Мамбетакунов Калык Барыктабасович мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелери менен алектенген бирикмелер 8 мамлекеттин кызыкчылыгын камсыздап жатканын белгиледи өттү.
Ошондой эле, Кудайберген Базарбаев Мыктыбек уулу Эрнис жетектеген «Чүй облусунун жаш майыптар союзу» коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
“Чүй облусунун Жаш майыптар союзу” 700дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын башын бириктирет.
Бүгүнкү күндө бул уюм жыгач устачылык, тигүүчүлүк жана эмерек бизнесинде иштөөнү каалаган майыптарды окутат, окутуу акысыз жүргүзүлөт.
Социалдык реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүү максатында, калктын аярлуу катмарынын негизги муктаждыктарын канааттандырууга, аларга өз убагында психосоциалдык жардам, реабилитациялык жана башка кызматтарга бирдей жетүүнү камсыз кылуу аракетинде, 60 тан ашык студенттин турмуш-тиричилик шарты бар Окуу борборунун курулушунда айтылган бул уюмдун иш-аракетин ырастайт.
Бул борборду курууга 50 миллион сом керектелет.
Ассоциациянын ишмердүүлүгү менен таанышкан министр борбордун курулушун мындан ары аяктоо үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү табууга көмөктөшүү сунушун айтты.
Пайдалуу
Ссылкалар