Кудайберген Базарбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды куттуктады

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен Төмөнкү-Серафимовка социалдык стационардык мекемеде жашаган улгайган, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды куттуктады.
“Бүгүн баардыгыбыз үчүн бул өзгөчө күн. Кыргызстандын элинин турмушунда болуп өткөн позитивдүү өзгөрүүлөргө таазим кылуу менен бирге, тарыхтын кайгылуу барактарын да эстен чыгарбоо керек. Силердин эмгегиңер менен жолдор, көпүрөлөр, өнөр жай, айыл чарбалар курулган. Өз кезегинде мамлекет сиздердин жашооңуздарды жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт”, – деди министр.
Ал баарына эң негизгиси – ден соолук, ачык асманда бейпил жашоо жана узун өмүр каалады.
Камкордукка алынгандар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, ар бирине белектер тапшырылды.
Бүгүнкү күндө аталган мекемеде 315 карылар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.
Пайдалуу
Ссылкалар