«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын 11 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 11 айында (январь – ноябрь) 94257 телефондон кайрылуу (же бир суткада 282 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен  2329 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 724 же 31,0% жаш балдардан, ал эми 1605 же 69,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 1675 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 322 абонентке психологиялык консультация берилди, 332 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2329 чалуунун  ичинен эркектерден – 535 (же 23,0%), аялдардан – 1794 (же 77,0%), балдардан– 724: анын ичинен эркек балдардан – 164 (же 22,6%), кыздардан – 560 (же 77,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 472;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 315;

– психологиялык жабырлануудан – 302;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 276;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 253;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 124;.

– аялдарга үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 115;

– БҮИТ борбору туралуу – 112;

– баладарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 81;

– билим берүү системасы боюнча – 76;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 70;

– ар кандай суроолор менен – 65;

– медициналык камсыздоо тууралуу  – 60;

– мектептеги рэкет тууралуу – 5;

– суицид тууралуу – 3.

91928 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор  (тентектер), тез жардам,милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.                                                                                                                                                                     

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.                                                                                                     

 Түшкөн 2329 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 843 (же 36,2%);

– Чүй облусунан – 363 (же 15,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 167 (же 7,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 166 (же 7,1%);

– Ош облусунан – 143 (же 6,1%);

– Ош шаарынан – 91 (же 3,9%);

– Нарын облусунан  – 55 (же 2,4%);

– Талас облусунан – 50 (же 2,1%);

– Баткен облусунан – 49 (же 2,1%);

– анонимдерден  – 402 (же 17,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар