КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев: Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат

Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памир кыргыздары менен болгон жолугушууда билдирди.
“Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бүргөндү-Суу тилкесин бөлүп, калган этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн атайын шаарчанын курулушуна капсула салды. Азыр иш жүрүп жатат. Министрликтин ушул жылдагы бюджетинен Чоң-Алай районуна 10,0 млн.сом бөлүнүп берилген,70 га жерди трансформациялоо, поселканын башкы планын түзүү, инженердик-архитектуралык пландоо боюнча иштер аяктады. Курулуш иштери кийинки жылы башталат. Бул иш – чара Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки министрлер кабинетинин стратегиялык өнүгүү боюнча улуттук программасына киргизилген”, – деди министр.
Памир кыргыздарына андан тышкары министр Кудайберген Базарбаев президентин атынан азык-түлүк жана кышкы кийим-кече түрүндөгү гуманитардык жардам берди.
Пайдалуу
Ссылкалар