Эмгек министрлиги 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат бул фейк экендигин эскертет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктардан жөлөк пулду жогорулатуу тууралуу социалдык тармактарда тараган фейктерге ишенбөөнү өтүнөт. “Сураныч, жогорулатылган жөлөкпул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип, шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Министрликтин бардык расмий маалыматтары ведомствонун сайтында, социалдык тармактардагы жана ЖМКлардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат. Бул учурда расмий маалымат тиешелүү […]

Далее..... Эмгек министрлиги 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат бул фейк экендигин эскертет

Эмгек министрлиги: Бишкекте жарым жылда 1,1 миңден ашык адам талап кылынган кесиптерди акысыз үйрөнүштү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жыл башынан бери Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы боюнча 1147 жумушсуз жаран эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча акысыз билим алууга жөнөтүлгөн. Окутууга жөнөтүлгөндөрдүн 26% сулуулук индустриясын, айдоочу курстары (23,8%), бухгалтер адистигин (12%), соода агенттерин (8%) тандашкан. Тил курстары, компьютердик сабаттуулук, веб-дизайн жана графикалык дизайн […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Бишкекте жарым жылда 1,1 миңден ашык адам талап кылынган кесиптерди акысыз үйрөнүштү

Эмгек министрлиги кайтып келген мигранттарды колдоо маселесин талкуулады

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган эмгек мигранттарын реинтеграциялоо маселелери боюнча тегерек столдун жүрүшүндө айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия жана Европа өлкөлөрүн реинтеграциялоо саясатынын жана долбоорлорунун ар кандай мисалдары жана Кыргыз Республикасында алардын укук колдонуу практикасынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги учурда […]

Далее..... Эмгек министрлиги кайтып келген мигранттарды колдоо маселесин талкуулады

Министрлер Кабинетинин башчысы социалдык контракт долбоорунун катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасын бекитти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 1-июлундагы 390-р буйругу менен социалдык контракттын  негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасын бекитти. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ААК “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” менен биргеликте социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган жеке ишкерлерге жана катышуучулардын ичинен чарба жүргүзүүчү субъекттерге пайызсыз насыяларды берүүнү уюштуруу тапшырылды. Финансы […]

Далее..... Министрлер Кабинетинин башчысы социалдык контракт долбоорунун катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасын бекитти

Эмгек министрлиги: “Келечек” борборунда бир жарым жылда 760 тан ашуун бала реабилитациядан өттү

  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен бүгүнкү күндө “Келечек”реабилитациялык борбору иштеп жатат. “Келечек” балдар реабилитациялык борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар үчүн акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Ал эки режимде иштейт: стационардык жана күндүзгү. Борбор таяныч-кыймыл аппаратынын, неврологиялык бузулуулары бар балдарга, ошондой эле аутизм спектринин орточо бузулушу […]

Далее..... Эмгек министрлиги: “Келечек” борборунда бир жарым жылда 760 тан ашуун бала реабилитациядан өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 6 айынын иши тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 6 айынын иши тууралуу маалымат  Борбордун психолог – кызматкерлери: – телефон аркылуу күнү – түнү  кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт); – чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу […]

Далее..... Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 6 айынын иши тууралуу маалымат

Эмгек министрлиги жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн окуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош шаарында чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктери үчүн окуу өткөрдү. Катышуучуларга этикалык нормалар жана эмгекке тартуунун стандарттары, анын ичинде мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери тууралуу айтылды. ICMPD эл аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чара […]

Далее..... Эмгек министрлиги жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн окуу өткөрдү

Эмгек министрлиги жарым жылда жумушчуларга 68 млн сомго жакын төлөнбөгөн маяна жана компенсация алууга жардам берди

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы жарандардын арыздары боюнча  517 текшерүү ишин жүргүзүп, 2,2 млн сом айып пул салынды. Бүгүнкү күндө бул сумманын 55% иш берүүчүлөр тарабынан төлөнгөн. Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылуулары боюнча чоң иштер жасалды. Негизинен, төлөнбөгөн эмгек акыга жана өндүрүштө алган жаракаттарына байланыштуу […]

Далее..... Эмгек министрлиги жарым жылда жумушчуларга 68 млн сомго жакын төлөнбөгөн маяна жана компенсация алууга жардам берди

Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүнө жарым жылда 4,7 миң эмгек мигранты жардам жана консультация алуу үчүн кайрылган

Россия Федерациясында жүргөн же жашап жаткан дээрлик 4,7 миң кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнө өз укуктарын коргоодо кеңеш жана жардам сурап кайрылышкан. Консультациялар жеке кабыл алуу учурунда жана телефон аркылуу берилди. Ошондой эле, кызматкерлер кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча 25 соттук отурумга катышып, 65  жолу 239 КР жаранынын кызыкчылыгында Москва шаарынын […]

Далее..... Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүнө жарым жылда 4,7 миң эмгек мигранты жардам жана консультация алуу үчүн кайрылган

Эмгек министрлиги Бишкектеги тыгындарды кыскартууга көмөк көрсөтүүдө

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Борбордук аппаратынын жана ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери мэриянын демилгесин колдоп, өз каалоосу менен жумасына 2 жолу жөө жана коомдук транспорт менен жеке унааларын колдонбостон жүрүшөт. Бул демилгенин максаты Бишкек шаарындагы жол-транспорт тыгындарын азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу болуп саналат.

Далее..... Эмгек министрлиги Бишкектеги тыгындарды кыскартууга көмөк көрсөтүүдө
Пайдалуу
Ссылкалар