“Балага сүйүнчү” кимге чектелет
2018-жылдын 1-январынан тарта төрөлгөн балдарга (толук мамлекеттик камсыздоодо болгон балдардан тышкары)
“Балага сүйүнчү” өлчөмү канча?
- “Балага сүйүнчүнүн” өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
- Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50,0 миң сом өлчөмүндө төлөнөт
Арызды кайсыл жерге берсе болот
Факт түрүндө жашаган жери боюнча:
- Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ);
Жарандык абал актыларын каттоо органдарына
Арызды ким берсе болот?
- бала менен жашаган ата-энесинин бири;
- бала менен жашаган камкорчу;
- бала менен жашаган асырап алган адам;
- ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам
“Балага сүйүнчү” Кыргыз Республикасында жашап жаткан адамдарга чектелет:
– Кыргыз Республикасынын жарандарына;
– кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;
– балдары бар үй–бүлөлөргө социалдык жөлөкпулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктарды жөнүндө Макулдашуунун катышуучу–мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга:
|
|
|
“Балага сүйүнчүнү” чектөө үчүн өзгөчө шарттар барбы
“Балага сүйүнчү” үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек.
Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда “балага сүйүнчү” чектелбейт.
Кайсыл документтерди тапшыруу керек?
- арыз ээсинин паспорту;
Эгерде арызды камкорчу же ишенимдүү адам тапшырса, анда кошумча документ талап кылынат:
- Камкорчу үчүн – балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- Ишенимдүү адам үчүн – жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;
Зарыл болгон учурда:
- Кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү (кайрылмандар үчүн);
- баланын ата-энесинин жашап туруу укугунун көчүрмөсү (чет өлкөлөрдүн жарандар үчүн).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
- Арыз ээси арызда көрсөтүлгөн маалыматтын тууралыгын текшериши керек, андан кийин өзүнүн колун коюш керек.
- Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күнүнүн ичинде банктык эсепке түшөт.
- Сиз акча каражатты РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө алышыңыз керек.
Баардык суроолор боюнча жашаган жериңиздеги райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууңузду суранабыз, же:
– http://mlsp.gov.kg сайтына;
– 0 (312) 45-40-62 жана 0 (312) 45-40-59 телефондор боюнча.