«Балдар үчүн ишеним телефону» борбору

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2018 – жылдын январь айында 10855 телефондон кайрылуу же бир суткада 350 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 261 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (23 же 8,8% жаш балдардан, ал эми 238 же 91,2% чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 180 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 15 абонентке психологиялык консультация берилди, 66 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 261 чалуунун  ичинен эркектерден – 92 (35,2%), аялдардан – 169 (64,8%), балдардан – 23 анын ичинен эркектер-10 (43,5%), кыздардын-13 (56,5%).

Кайрылган абоненттердин көбү (109 чоң адамдар же 41,7%) социалдык жардам сурап чалган. Алар балдарга мамлекеттик жөлөкпул чектөө жана төлөө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, жеке ассистенттин кызматын төлөөп берүү тууралуу, пенсия, балдарды интернат тибиндеги балдар үйүнө, же реабилитациялык борборлорго жайгаштыруу, балдарга туулган тууралуу күбөлүк алуу,  майыптуулукту белгилөө тууралуу.

Борборго кайрылган 35 же 13,4% абоненттер азык – түлүк, финансылык, юридикалык жардам, балдарга реабилитациялык борбор же убактылуу башпаанек, психолог, адвокат, юрист, үй, иш, бала бакча таап берүүнү, балалуу аялдарды кризистик борборго жайгаштыруу, алимент чегерүү тууралуу консультация, мүлк бөлүштүрүү, паспорт жана башка өздүк документтерди алуу, мамлекеттик  мекеме уюмдардын даректерин сурашкан.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 30 же 11,5% абонент чалган. Буларга энелер тарабынан  балдарын аталарына жолуктурбай, туугандар арасында түшүнбөстүктөр, чыр–чатактар, ажырашканда балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, күйөөсү, баласы тарабынан коркутуу, алимент төлөбөө, мүлк бөлүштүрүү себеп болгон.

22 же 8,5% абоненттер балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу кабарлаган. Анын ичинен 6 факты тастыкталган эмес.

Психологиялык жабырлануудан  15 же 5,8% абонент, алардын ичинен 11 жаш балдар кайрылган. Жаш балдардын кайрылуусуна ата – энелер менен баарлашуунун жетишпездиги, жалгыздык сезими, ата – энелери, туугандары менен болгон  чыр–чатактан, келишпестиктен, өспүрүмдөрдүн, тең туштардын бири – бири менен болгон таарынычтардан, ата – энелери, мугалимдер, классташтар тарабынан түшүнбөстүк, адилетсиз мамиле жасагандыктан, депрессияда болуудан, мамиле түзө албастыктан,  эркинин жетишпестигинен, досторунан ажыраганда, эрте никеге турууга мажбурлоого  байланыштуу болгон.

Жаш балдар көбүнчө  психологиялык жабырлануунун кесепетинен кайрылган.

Билим берүү системасы боюнча 13 же 5,0% абонент чалып, мектептердин, балдар бакчасынын ишине нааразылык билдирген.

8 же 3,1% абонент Борбордун милдеттери жана иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган;

6 же 2,3% кайрылуу балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу болгон, анын 2 фактысы аныкталып, балдар үй – бүлөдөн алынып, интернат тибиндеги мекемеге жайгаштырылган;

4 же 1,5% чалуулар ар кандай суроолор боюнча (жол кырсыгы, тилемчилер, соттук териштирүүлөр, сотко арыз менен кайрылуу жөнүндө, кошуналарга арыздануу, адамдарды издөө, мекемелердин дарегин сураган);

3 же 5,0% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган;

3 же 1,2% абонент медициналык камсыз кылуу  боюнча чалган;

1 же 0,3% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  чалуулар түшкөн;

1 же 0,3% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирген.

Ошондой эле 1 же 0,3% мектептеги рэкет боюнча чалган.

10594 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетсек, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

66 кайрылуунун ичинен 57 же 86,4% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  6 же 10,0% – ички иштер органдарына, 2 же 3,0% – билим берүү органдарына, 1 же 1,5%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

  • Бишкек ш.   – 74 же 28,4 %;

– Чуй облусу –59 же 22,6%;

– Ош облусу – 41же 15,7 %;

– Жалал – Абад облусу –  33 же 12,6%;

– Баткен облусу –18 же 6,9 %;

– Ыссык – Көл облусу – 17 же 6,5%;

– Талас облусу – 11 же 4,2 %.

– Нарын облусу –7 же 2,7 %;

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

– 13 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан изилденип чыгып, каттого алынды;

– 2 мектептеги рэкет фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан мектеп окуучулар менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү;

– 7 абонентке мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан консультация берилди;

– 2 бала  интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштырылды;

– 1 балага туулган тууралуу күбөлүк алууга көмөк көрсөтүлдү;

– райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 1 үй – бүлө менен балдарды кароо, тарбиялоо профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Пайдалуу
Ссылкалар