Тең укуктар жана инновациялар: БУУ Эл аралык аялдар күнүн Таласта белгилейт

ТАЛАС, 2019-жылдын 5-марты – Бүгүн Таласта белгилүү кыргызстандыктардын ийгиликтерге кантип жетүү жана өзү эңсеген кесипти тандай билүү жөнүндө айткандарын угуу үчүн 400дөн ашуун жаштар чогулушту. Бул иш-чара БУУнун Аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча глобалдык кампаниясынын алкагында өткөрүлүү менен теңчиликти илгерилетүүгө жана өзгөрүүлөрдүн пайдасы үчүн инновацияларды жана технологияларды түзүүгө басым жасалды. Талас жаштары менен жолугушууну БУУнун агенттиктери Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Талас облустук администрация менен биргеликте уюштурду.

Аялдардын жана кыздардын абалын жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин Пекин платформасынын 25 жылдык юбилейинин алдында жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарды улутташтыруу контексинде айылдык кыздар жана өспүрүм кыздардын ар түрдүү ресурстарга жетүүдө кыйынчылыктары жана көйгөйлөрү жөнүндө чын ыкластуу диаолог чоң мааниге ээ. Айылдык келин-кыздар сексуалдык жана гендердик зомбулукка, ошондой эле билим алууга, социалдык кызматтарга жана жумуштуулукка жетишүүдө көбүрөөк дискриминацияга кабылышат. БУУнун Аялдар түзүмү, БУУ калк жайгаштыруу фонду, Миграция боюнча эл аралык уюм жана КР улуттук статистика комитетинин биргелешкен изилдөосүнө ылайык Кыргызстанда никеге туруу  үчүн кыз ала качуунун көпчүлүк пайызы (60%) Талас облусуна туура келет экен.

КР эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда экономикалык активдүү калктын 68% аялдар түзсө, алардын  72,2 % кесипке же адистикке ээ эмес. Ошондуктан, жергиликтүү  жамааттарга туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн гендердик теңчиликти сүрмөлөп,  аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, айрыкча, социалдык коргоо чөйрөсүндө, мамлекеттик кызматтарга жана туруктуу инфраструктурага жетишүүдө кеңейтүү зарыл.

“Ар бир аял жана кыз өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга шарт түзүүдө социалдык жана гендердик тосмолорду жоюу зарыл жана ал үчүн инновация маанилүу рол ойнооруна ишенем. Жаштардын көбу азыртан эле экономиканы жакшыртуу боюнча өздөрүнүн идеяларын илгерилетишип, жана өздөрүнүн идеяларын ишке ашырууда инновациялык ыкмаларды көбүрөөк пайдаланышууда. Бул болсо өздөрүнүн кесиптик даярдыгы менен катар эле  Кыргыз Республикасынын Өкмөүу тарабынан БУУнун агенттиктеринин колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан  региондорду өнүктүрүү программасынын алкагында жаңы идеяларды жана ыкмаларды жайылтууга да тиешелүү”, – деди БУУнун Кыргызстандагы системасынын Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело Таластын жаштары менен жолугушууда.

Жолугушууда чыгып сүйлөшкөн түрдүү кесиптин ээлери болгон аялдар ийгиликтерге жетишүүдө жана ар кандай тосмолорду жеңип чыгууда өздөрүнүн жеке тажрыйбалары менен бөлүшүштү, ошондой эле билим алуу, кесипти жана өзү жактырган ишти тандоо боюнча ой-сунуштарын айтышты. Түрдүү кесиптин ээлери: депутат Аида Касымалиева, милициянын полковниги Бермет Темирбаева, чоң жүк ташуучу автоунаалардын механик-айдоочусу Айзада Токтогулова, ишкер

Асель Куттубаева, көзү азиз адамдардын Федерациясынын жетекчиси Гүльназ Жүзбаева, теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева жана башкалар өздөрү жөнүндө баяндап беришти.

Спикерлер чыгып сүйлөшкөндөн кийин кесиптик багыттама жана чети өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Таластын жаштар өздөрүнүн спутнигин жасап жана турмуш жолдорунда жолугуучу тоскоолдуктарга жана стереотиптерге карабастан максаттарынын артынан түшүп, аларга кантип жетүүгө болорун билишти.

Иш-чаранын уюштуруучулары – БУУнун Кыргызстандагы системасы: БУУ гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча түзүмү (БУУнун Аялдар түзүмү), БУУ калк жайгаштыруу фонду (ЮНФПА), БУУ өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУ бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ООН), БУУнун Кыргыз Республикасында баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын программалык офиси (УНП), БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) КР эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин жана Таласс облустук администрациянын колдоосу менен.

Пайдалуу
Ссылкалар