Бишкекте Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо боюнча биринчи улуттук консултациялар өттү

Бүгүн, 2019-жылдын 29-мартында, Бишкек шаарында Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо жана кыз-келиндердин шарттарын жакшыртуу чөйрөсүндөгү жаӊы артыкчылыктарды аныктоо боюнча биринчи улуттук консултациялар өтүп жатат.

25 жыл мурун Пекин шаарында өткөн IV Дүйнөлүк аялдар конференциясында кабыл алынган Пекин платформасынын иш-аракеттери, гендердик теӊчилик үчүн күрөшүүнүн багыттарын аныктаган. Аталган Платформа, БУУга мүчө-мамлекеттердин гендердик теӊ салмактуулукту камсыздоо жаатында улуттук стратегияларын кабыл алуудагы таянычуу негизги базалык документи болуп калды. Платформанын максаты, аялдардын абалын жакшыртуу жана аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий маселелерде ар тараптуу жана теӊ укутуу катышуусун камсыздоо жолу менен аялдардын жеке жашоосундагы жана бардык коомдук процесстерде жигердүү катышуусундагы тоскоолдуктарды алып салуу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы Пекин платформасынын иш-аракеттери алкагындагы милдеттерин иш жүзүнө ашыруу боюнча ырааттуу иш жүргүзүп жатат. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери, гендердик саясатынын түптолүүшүнүн тарыхында гендердик статистиканы өнүктүрүү жана аялдардын лидерлигин колдоо боюнча активдүү иш-чараларды, өзгөчө иш-чараларды камтыгын саясатты иштеп чыгууда гендердик мыйзамдарынын пайда болушун камтыган институционалдык механизми түзүлгөн.

Эркектер менен аялдардын, балдар менен  кыздардын үй-бүлөдө зордук-эркиндиктерин жана укуктарын коргоо боюнча иш чаралар кабыл алынды, гендер саясаты жаатындагы мыйзамдарды жүзөгө ашыруу боюнча  прокурордук көзөмөлдөө көрүлүүдо.

Бирок буга карбастан, теӊсиздик жана дискриминация маселелелери бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн көп деӊгээлдү системалык көйгөйү болуп калууда. Мыйзам түрүндө кабыл алынган иш-чараларга карабастан, аялдардын каржы булактары, ресурс жана жаӊы технологиялар жаатында чечим кабыл алуудагы мүмкүнчүлүктөрүндө системалуу тоскоолдуктар орун алууда Эмгек жана социалдык өнүүгү министирдин орун басары Жаныл Алыбаева белгиледи.  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2017-жыл боюнча маалыматына ылайык, аялдардын экономикалык активдүүлүгү 45,9% төмөндөгөн, аларга салыштырмалуу эркектердин экономикалык активдүүлүгү 75,0% түзгөн. Аялдардын билиминин жогорку деӊгээлине карабастан, жергиликтүү кеӊештердеги аял-депутаттарынын саны ар бир шайлоо сайын кыскарып отуруп Кыргызстандын тарыхындагы эӊ төмөнкү көрсөткүч – 10% ге жетти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутат-аялдарынын саны 15% түзөт, бул Кыргыз Республикасынын шайлоо кодексинде бекитилген 30% гендердик квотадан эки эсе аз. Мунун жыйынтыгы катары, өлкөдө бала менен эненин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн жогорку деӊгээлде калуусун, ички жана тышкы миграцияда аялдардын жана жаш өспурүмдөрдүн санынын деӊгээлинин өсүшүн, аялдар жана кыздарга карата зомбулуктун жана дискриминациянын коркунучтуу масштабтарын жана балдар эмгегинин эӊ терс көрүнүштөрүн белгилеп кетсе болот.

2019-жылы, Кыргызстан бардык БУУга мүчө-мамлекттердин катарында Пекин+25 улуттук серепке өттү. Улуттук серептин максаты гендердик теӊчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүдөгү, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатындагы Максаттарды улутташтыруу контекстинде жаӊы артыкчылыктарды аныктоодо мамлекеттик иш-чараларды илгерилетүү боюнча жетишкендике баа берүү болуп эсептелет. Бул сереп 2019-2020-жылдарда Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттеринин (1995-ж.) кабыл алынышынын 25 жылдыгын жана туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейинки Күн тартибинин кабыл алынышынын беш жылдыгын белгилөө алкагында, регионалдык жана глобалдык жолугушууларда сунушталат.

«25 жыл мурун БУУга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн улуттарына жана дүйнөлүк коомчулукка аялдарга каршы гендердик теӊсиздикти, зомбулукту жана дискриминацияны жоюу боюнча убада берген. Кыргызстан тарабынан бул убадаларды аткаруу боюнча чоӊ күч-аракет көрүлгөн. Бирок теӊсиздик көйгөйү дагы деле орун алууда жана мыйзамдардын тийиштүү деӊгээлде аткарылбашы, массалык миграция, кедейчилик, климаттын өзгөрүшү жана радикалдык көз-караштардын жана агымдардын жайылтылышы сыяктуу жаӊы чакырыктар менен оорлошуп жатат. Артка көз жүгүртүп, сабак алып жана жаӊыртылган, натыйжалуу күн тартиби жана кеӊири өнөктөштүк менен алдыга карай бет алышыбыз керек. «Аялдардын жана кыздардын акыйкат жана коопсуз дүнүйөнү курууга жигердүү катышуусуз биздин өлкөнүн жана жалпы эле дүйнөнүн туруктуу жана натыйжалуу өнүгүүсү мүмкүн эмес», деп БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы Өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нүргүл Асылбекова белгилеп кетти.

Консультацияларда гендердик маселелер боюнча жооптуу Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жарандык коомдун өкүлдөрү, БУУнун агентиги жана эл аралык уюмдар катышат. Консультация Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, БУУнун агенттигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө (БУУнун Аялдар түзүмү, ЮНИСЕФ и БУУӨП).

Пайдалуу
Ссылкалар