«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун апрель айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1 – апрелинен  8 – апрелине чейин 3017 телефондон кайрылуу, же бир суткада 427 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 29 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 3 же 10,3 % жаш балдардан, ал эми 26 же 89,7 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 17 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 2 абонентке психологиялык консультация берилди,   8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 29 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 (24,1 %), аялдардан – 19 (65,5 %), балдардан – 3 анын ичинен эркектер – 1 (33,4 %), кыздардын – 2 (66,7 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 10 абонент чалган;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу-5;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 4;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле тууралуу – 3;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– медициналык камсыздоо жөнүндө- 1.

2988 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  10;

– Чуй облусунан –8;

– Ыссык – Көл облусунан – 3;

– Жалал – Абад облусунан –  3;

– Нарын облусунан – 3;

– Баткен облусунан –2;

– Талас облусунан –0;

– Ош облусунан – 0.

Пайдалуу
Ссылкалар