“Балага сүйүнчү” алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда “балага сүйүнчү” төлөмдөрүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми ишке ашырылууда. Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасынан борборлоштурулган тутуму аркылуу Министрликтин маалымат базасына арыздар дароо түшүүдө. Эми аталган пилоттук райондордо “балага сүйүнчү” алуу үчүн банктан атайын эсеп счет ачуунун кажети жок. Анткени каражаттар транзиттик счетторго түшөт. Жарандар которулган каражаттарды өздөрү тандаган банктардын филиалдарынан накталай алышат.
“Акча каражаттары ыкчам түрүндө которулуп жаткандыгын текшерүү максатында биз арызын таштаган бир нече жарандар менен телефон аркылуу байланыштык. Баары банктан СМС-билдирүү келип түшкөнүн, акчаны өздөрүнө ылайыктуу убакытта алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн тастыкташты”, – дейт министр Улукбек Кочкоров.
Министрдин айтымында жакынкы арада жөнөкөйлөтүлгөн механизм өлкө боюнча жайылтылат. “Балга сүйүнчү” алуу үчүн арыз таштаган жарандар 4 миң сом өлчөмүндө бир берилүүчү акча каражатын 2 күндүн ичинде ала алышат.

Пайдалуу
Ссылкалар