16 – 18 апрелде Ош шаарында тандалып алынган иш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү кызматтары үчүн окуучуларга жана жаштарга кесиптик багыт беруу боюнча окутуу семинарлар өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) «Иш менен камсыздоого жана кесиптик окутууга көмөктөшүү» программасы боюнча 16 – 18 апрелде Ош шаарында тандалып алынган иш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү кызматтары үчүн окуучуларга жана жаштарга кесиптик багыт беруу боюнча окутуу семинарлар өтүп жатат.

 «Эмгек рыногунун кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу» программасынын ишмердүүлүк чөйрөсүнүн алкагында социалдык өнөктөштөргө жаштарды кесиптик багытоо жана кеңеш берүү тутумун түзүүдө колдоо көргөзүлөт.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын максаты – сынактык аймактарда кесиптик багыттоо жана кесиптик кеңеш берүү жаатында социалдык-өнөктөштүк бирикмелер тутумун түзө алышына багыт берүү болуп саналат.

Биринчи пилоттук иш-чаралар 2017-2018 жылдары 4 сынактык шаарлардын Нарын, Бишкек, Талас жана Каракол сынактык иш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү кызматтарында ѳткѳрүлдү.

2019 -2020-жж. карата түштүк аймактын 4 сынактык: Баткен, Ош, Өзгөн жана Жалал-Абад  шаарлары тандалып алынды.

Программа менен таанышуу жана келечектеги потенциалдык социалдык ѳнѳктѳштѳрдү аныктоо максатында уюшулган биринчи жолугушуу үстүбүздѳгү жылдын март айында ѳткѳрүлдү жана ийгиликтүү ѳттү.

Социалдык ѳнѳктѳштѳрдүн негизги милдеттери:

  • Тандалып алынган мектептер кесиптик багыттоо боюнча иш менен камсыздоо кызматтары менен кызматташып иштейт, кесиптер дүйнѳсү менен анык жолугушууларды уюштурушат жана ѳткѳрүшѳт.
  • Иш менен камсыздоо кызматтары кесиптик багыттоодо жана кеңеш берүүдѳ негизги ѳзѳктүү орунду ээлейт. Алар окуучуларга кеңеш беришет жана ишканалар менен байланыш түзүүдѳ мектептерге кѳмѳк кѳргѳзүшѳт, окуучулардын жана жаш курактагы жумушсуздардын кызыгууларын жана жѳндѳмдѳрүн аныктоо боюнча тестирлѳѳ ѳткѳрүшѳт.
  • Кесиптик лицейлер чебер-класстарды ѳткѳрүшѳт, окуу жайга барып таанышууну уюштурушат.
  • Университеттер окуу багыттары боюнча маалымат беришет, Ачык эшиктер күндѳрүн ѳткѳрүшѳт.
  • Ишканалар ишканалардын иши менен таанышууну, экскурсияларды, такшалмаларды, тармактагы эксперттер менен жолугушууларды ж.б. уюштурушат.

Кесипке багыт беруу тармагында 5 баскычтык программасы мектптерде откорулуп, анын негизги максаты – 8-9-класстардын окуучуларын келечек мансапты мерчемдөө жана эмгек чөйрөсүнө кошулуу үчүн окуу жайын жана кесипти тандап алууда ѳзүнѳ тиешелүү жана өз алдынча чечимди маалыматтуу кабыл алуу жана ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн өстүрүү болуп саналат

Ушул отуп жаткан семинарда мугалимдер 5 баскычтык программасын ишке ашырууга багыт алышат. Иш менен камсыздоо кызматтарынын кызматкерлери кесипке багыттоо тармагындагы бере турган кенешүүнүн методология жана инструменттери менен таанышышат.

Пайдалуу
Ссылкалар