“Эврика” жеке мектебтин базасында турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө маданий-массалык иш-чара өткөрүлдү

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана балдар менен ата-эненин мамилелерин өнүктүрүү максатында маданий-массалык иш-чаранын алкагында турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана ата-энелердин катышуусунда «Шайыр старттар» спорттук оюндары өткөрүлдү.

Мындан тышкары, «Апа, Ата жана мен ынтыкмактуу үй-бүлө!» темасында сүрөт конкурсу жана  таланттуу балдардын катышуусунда концерт уюштурулду. Иш-чаранын жыйынтыгында бардык балдарга белектер тапшырылды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар