Бишкекте Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30-жылдыгына арналган улуттук форум өттү

Бүгүн, 25 июнда, №1 Мамлекеттик резиденцияда Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30-жылдыгына арналган улуттук форум өттү.

Иш-чарага КРнын Президенти С.Ш. Жээнбеков, КРнын вице-премьер-министри А.С. Омурбекова, КЖнын Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары А.К. Касымалиева, Баланын укутары боюнча БУУнун Комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, КРнын экс-президенти Р.И. Отунбаева, Билим берүү жана илим министри Г.К. Кудайбердиева, Саламаттык сактоо министри К.С. Чолпонбаев жана бир катар Эл аралык, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өз сөзүндө, баланын үй-бүлөнүн кучагында болуу укугун камсыздоо боюнча учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, багып алган үй-бүлөлөр кызматын өнүктүрүүгө басым жасалып жаткандыгын белгиледи.

“Министрлик 2018-2028-жылдарга карата үй-бүлөнү колдоо жана баланы коргоо программасынын алкагында ченемдик укутук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди баштады. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2019-2020-жылдарга карата Балдарга болгон зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча чукул чаралардын Планы бекитилип, бул багытта иш алып барылууда”, – деди министр.

Пайдалуу
Ссылкалар