«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын I – жарым жалдыгындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган конкреттүү суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат.

2019 – жылдын I – жарым жалдыгында 71254 телефондон кайрылуу, же бир суткада 396 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 1019 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (123 же 12,1% жаш балдардан, ал эми 896 же 87,9% чоң адамдардан түшкөн), 635 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 74 абонентке психологиялык консультация берилди, 310 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1019 чалуунун ичинен, эркектерден – 267 (26,2%), аялдардан – 752 (73,8%), балдардан – 123 анын ичинен эркек балдардан- 44 (35,8%), кыздардан- 79 (64,2%).

2018 – жылдын I – жарым жалдыгы (408 чалуу) менен салыштырганда 2019 – жылдын I – жарым жалдыгында чалуулардын саны 2,5 эсе көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, “111 Балдар үчүн ишеним телефону” кайрылуу жөнүндө масштабдуу маалымат кампаниясынын жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу болду.

Кайрылган абоненттердин көбү 362 чоң адамдар же 35,5% социалдык жардам сурап чалган. Алар балдарга “уй – бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул, пенсия чектөө жана төлөө тууралуу, жеке ассистенттин кызматын төлөө, балдарды камкордукка алуу, асырап алуу, балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, балдарды интернат тибиндеги балдар мекемесине, же реабилитациялык борборлорго жайгаштыруу, көп функционалдуу майыптарга коляска алуу, согуштун катышуучусуна компенсация, балдарга туулган тууралуу күбөлүк, паспорт алуу, эмгек акыны төлөтүү, майыптыгы бар балага багуучу адам табуу, МСЭКтен башка бирөөнүн камкордугуна муктаж тууралуу корутунду алуу, суу менен камсыздоо,  балалуу мас аялды, бала сатуу маалыматты текшерүү тууралуу.

Борборго кайрылган 114 же 11,2% абоненттер материалдык, финансылык, юридикалык, азык түлүк, балдарга реабилитациялык борбор же убактылуу башпаанек, психолог, адвокат, юрист, үй, батир, жер берүү, алимент тууралуу консультация, үй – бүлөнү, тилемчилерди текшерүү, мамлекеттик  мекеме, уюмдардын даректерин, эрте турмушка чыккан өспүрүм кыздын никесин, салттуу ыкма менен дарыланууга мажбурлоо учурларда, психикикалык оорулуу баланы үйдөн алып кетүүгө, энеси менен байланышканга, баласын, мас абалдагы өспүрүмдөрдү текшерүү, балага карата өспүрүм тарабынан ырайымсыз мамиле жасалганда  жардам сурашкан.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 105 же 10,3% абонент чалган. Буларга энелер тарабынан  балдарын аталарына жолуктурбай, туугандар, балдар менен ата – энелердин, келин менен кайынэненин, арасында  түшүнбөстүктөр, чыр–чатактар, ажырашуу, балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, күйөөсү, баласы тарабынан коркутуу, ата – энелик милдеттерди аткарбагандыгы, алимент төлөбөө, мүлк бөлүштүрүү, күйөөсүнүн кызгануусу, соттун бала менен жолугуу чечимин аткарбагандык себеп болгон.

100 же 9,8% абоненттер балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кабарлаган.

Психологиялык жабырлануудан  63 же 6,2% абонент, алардын ичинен 47 жаш балдар кайрылган. Жаш балдардын кайрылуусуна баарлашуунун жетишпездиги, жалгыздык сезими, ата – энелери менен болгон  чыр–чатактан, келишпестиктен, өспүрүмдөрдүн, тең туштардын бири – бири менен болгон таарынычтардан, ата – энелери тарабынан түшүнбөстүк, депрессияда болуудан, эркинин жетишпестигинен, атасынын жүрүм – турумунан, агрессивдүү бейтааныш эркектерден корккондуктан, эрте никеге турууга мажбурлагандан, туугандарына тынчсыздануудан, музыкалык аспапты жоготуудан, калп айтуу адаттан, окуудан кыйналуу, экзамен тапшырууда, досунан көңүл калуусу, келбетине  нааразы, өткөн окуялардан, ата – энелердин бардык нерсеге тыйуу салуусу, ичимдик ичкен күйөөсүнөн болгон. Жаш балдар көбүнчө  психологиялык жабырлануунун кесепетинен кайрылган.

Билим берүү системасы боюнча 63 же 6,2% абонент чалып, мектептин мугалимдеринин, класс жетекчинин, социалдык педагогдун, директордун, мектепке акча чогултууга, балдар эмгегин коолдонууга, окуучу кызды кемсинтүү, балдар бакчасынын администрациясынын ишине нааразычылык билдирген.

55 же 5,4% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган.

36 же 3,5% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  чалуулар түшкөн.

29 же 2,8% абонент Борбордун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

27 же 2,7% кайрылуу балдарга карата болгон кайдыгер  мамиле тууралуу тушкөн.

26 же 2,6% чалуулар ар кандай суроолор боюнча (соцтармак аркылуу коркутуу, маршруттук таксилерге арыздануу, бей тааныш адамдардан балдарды сактоо, адашкан иттер жөнүндө).

18 же 1,7% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирген.

17 же 1,7% абонент медициналык камсыз кылуу  боюнча чалган.

3 же 0,3% мектептеги рэкет боюнча.

1 же 0,1% соцтармактарда интернет оюндарды таркатуу.

70235 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетсек, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

310 кайрылуунун ичинен 252 же 81,3% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  35 же 11,3% – ички иштер органдарына, 14 же 4,5% – билим берүү органдарына, 5 же 1,6% -саламаттыкты сактоо органдарына, 4 же 1,3%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат.

Түшкөн 1019 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан   –330 же 32,4 %;

– Чуй облусунан –212 же 20,8%;

– Жалал – Абад облусунан –  134 же 13,2%;

– Ош облусунан – 121 же 11,9 %;

– Ысык – Көл облусунан – 87 же 8,5%;

– Нарын облусунан – 49 же 4,8 %;

– Баткен облусунан – 46 же 4,5 %;

– Талас облусунан – 39 же 3,8 %;

– анонимден – 1 же 0,1%.

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук жөнүндө чалган 7 абонентке ИИБ жана сотко кайрылуу сунушталган, 1 факт тастыкталган, 19 факты тастыкталган эмес. Ошондой эле бардык үй – бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

– балдарга карата болгон кайдыгер мамиле тууралуу тушкөн кайрылулардын 12 фактысы аныкталган жок, бирок 2 үй – бүлөө каттоого алынып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 1 бала убактылуу үйдөн алынып, интернат тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды;

– 6 өспүрүм убактылуу интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштырылды;

– 25 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан изилденип чыгып, каттого алынды;

– 7 үй-бүлө менен райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын балдарды жана үй – бүлөөнү коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери  тарабынан балдарды тарбиялоо жана багуу тууралуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү;

– 3 бала үй – бүлөдөн алынып, туугандарынын камкордугуна убактылуу берилди;

– 22 абонентке тийиштүү маммлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди;

– 1 балага туулган тууралуу күбөлүк алууга жардам көрсөтүлдү;

– балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу 1 факты боюнча шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектептин мугалимдери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү;

– 1 факты боюнча үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу аял арыз менен РИИБ кайрылды;

– 1 үй – бүлөгө жеригиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү;

– 4 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

Пайдалуу
Ссылкалар