“Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү калыбына келтирүү борборунда атайын кызматтарды уюштуруу жөнүндө доолбоордун алкагында” буйрук долбоорун жана иш планы талкууланды

2019-жылдын 23-июлунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы педиатры Б.Самаганова, Европалык биримдик долбоорунун өкүлдөрү интернат тибиндеги мекемелерди реформалоонун алкагында “Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү калыбына келтирүү борборунда атайын кызматтарды уюштуруу жөнүндө доолбоордун алкагында” буйрук долбоорун жана иш планын талкуулашты. Ошондой эле, балдарды асыроо боюнча иштердин жүрүшүн, интернат тибиндеги балдар мекемелерин автоматташтырылган электрондук системасынын иш тартиби каралды.
Интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча көйгөйлөрдү жана мындан ары мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттери тууралуу талкуулашты.

Пайдалуу
Ссылкалар