Бишкек шаарында КРнын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында бейөкмөт уюмдар үчүн презентация болуп өттү

 

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында бейөкмөт уюмдар үчүн презентация болуп өттү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашыруу максатында конкурска жалпысынан 88 бейөкмөт уюмдар катышкан. Сынактын жыйынтыгында 38 млн. сомго жакын 56 долбоор жактырылды.

Министрлик белгилегендей, социалдык долбоорлор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн социалдык кызматтарды жакшыртуу үчүн, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө, улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү,  багуучу балдарды социалдык-психологиялык коштоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (ДМЧА) компьютердик көндүмдөрүнө жана тигүү иштерине окутуу, ДМЧАларды коомго жуурулуштуруу жана реабилитациялоо, ишке орношунун жеткиликтүүлүгү, камактан бошонуп чыккан аялдарга жаны укук бузуулардын алдын алуу жана кайрадан коомдоштуруу максатында жардам берүү, дискриминациядан жана зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга социалдык кызматтарды өнүктүүрүгөө багытталган.

 

Пайдалуу
Ссылкалар