Ош шаарында «Кыргыз Республикасында майып адамдарды абилитация жана реаблитациялоону ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү чечүү» атту семинар өттү

Ош шаарында «Кыргыз Республикасында майып адамдарды абилитация жана реаблитациялоону ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү чечүү» атту семинар өттү.            Семинардын негизги максаты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун эрежесин эске алуу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык интеграциялоо.

Семинар төмөнкүлөргө багытталган:

-абилитациялык жана реаблитациялык кызматтын стандарттарын жана тизмесин иштеп чыгуу;

-ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды иш менен касыз кылуу көйгөйлөрүн изилдөө (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эмгек жана иш менен камсыз болушун анализдөө);

-ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды басмырлоого карата мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышы;

Семинарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, Г.А. Альберхта атындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реаблитациялоо федерациялык илимий борборунун директору Оксана Владимирова, Ош шаардык мэриясынын, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү  башкармалыгы жана медициналык-социалдык эксперттик комиссияларынын кызматкерлери катышышты.

Семинар Кыргыз Республикасында БУУ жана ПРООНдун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин техникалык колдоосу менен өтүүдө. Ушул эле семинар 20-августта Бишкек шаарында болот.

Пайдалуу
Ссылкалар