РПОМде ООО “Моторика” компаниясынын протезисти Емелин Данил жаңы технология менен колго активдүү протезди даярдоо боюнча мастер-класс өткөрдү

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемесинде ООО “Моторика” (Москва шаары) компаниясынын протезисти Емелин Данил жаңы технология менен колго активдүү протезди даярдоо боюнча мастер-класс өткөрдү.

Иш-чаранын катышуучуларына гипс, форма, пластика куюу, буюмдарды кайра иштетүүнүн бардык этабы көрсөтүлдү. Мастер-класстын жыйынтыгында Республикалык протездик-ортопедиялык мекемесинин протезисти Мирбек уулу Изатка сертификат тапшырылды.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык 2019-жылдын 7 айдын ичинде мекеме 2454 протездик-ортопедиялык буюдарды, 4023,5 ортопедиялык бут кийим жана 846 протездик-ортопедиялык буюмдарга оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Көрсөтүлгөн мөөнөттө Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеге жалпысынан 7488 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылган.

Учурда республика боюнча 186 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болсо, анын 30 миңи балдар.

 

Пайдалуу
Ссылкалар