«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын сентябрь айындагы үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15 – 22 – сентябрына чейин 2896 телефондон кайрылуу, же бир суткада 413 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 38 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 8 же 1,0 % жаш балдардан, ал эми 30 же 9,0 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 22 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 3 психологиялык консультация берилген.

38 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 (18,5%), аялдардан – 23 (60,5%), балдардан -8, анын ичинен  кыздардан – 7 (87,5 %), эркек балдардан – 1 ( 12,5 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап –  10 абонент чалган;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу- 4;

– борбордун иши тууралуу маалымат – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 3;

– психологиялык жабырлануудан- 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 2;

– үй- бүлөөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле -1;

–  мектепте рэкет тууралуу – 1.

2858 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  17;

– Чуй облусунан –6;

– Ош облусунан – 5;

– Жалал – Абад облусунан –  5;

– Ыссык – Көл облусунан – 4;

– Нарын облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар