КРнын ЭСӨ Министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселесин чечүүгө багытталган коомдук бирикмелердин төрагаларын мамлекеттик сыйлык алгандары менен куттуктайт

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Кыргыз Республикалык майыптар коому” коомдук бирикмесинин төрагасы – Кучкачов Шукурбек Шабдановичти “Даңк” медалы менен, “Талант сыры майыптар коому” коомдук бирикмесинин төрагасы – Муратов Сапарбекти жана “Чүй облусунун жаш майыптар союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы – Мыктыбек уулу Эрнисти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандыгы үчүн куттуктайт.
Министрлик ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселесин чечүүгө багытталган көп жылдан бери аткарып келген эмгегин белгилеп, мындан ары да зор ийгиликтерди каалайт.
Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата тапшырылды.

Пайдалуу
Ссылкалар