Бишкек шаарында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун жана сактоонун жергиликтүү механизмдери” темасында конференция өттү

2019-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы менен кызматташтыкта “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун жана сактоонун жергиликтүү механизмдери” темасында конференция өткөрдү. Анда Ысык-Көл жана Ош облустарынын 4 районунда жана Бишкек шаарынын 9 жаңы конушунда үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча 27 комитеттин (ҮЗАК) ишинин жыйынтыктары айтылды.

Конференцияга КРнын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, министрдин орун басары Жаныл Алыбаева, мамлекеттик органдардын, USAIDдин, жарандык коомдун жана үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттердин (ҮЗАК) өкүлдөрү катышты.

Ушул күнү, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Кризистик борборлор ассоциациясынын, “Абийир Эл” КБсынын, “ДИА” КФсынын өкүлдөрүнүн, Бишкек шаарынан, Ысык-Көл жана Ош облустарынан үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин (ҮЗАК) катышуусу менен пресс-кафе өттү.

Иш-чаранын алкагында, ҮЗАКтын өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу боюнча эң мыкты тажрыйбалары, турмуштан алынган сабактар, ошондой эле 2017-жылы кабыл алынган “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Мыйзамды ишке ашырууга багытталган ҮЗАКтын потенциалын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча андан аркы пландар менен бөлүшүштү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар