Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «SOS Балдар айылдары Кыргызстан» жана «Балалык Институту» коомдук фонддору менен биргеликте ЖМК арасында сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «SOS Балдар айылдары Кыргызстан» жана «Балалык Институту» коомдук фонддору менен биргеликте балдар мекемелерин оптималдаштыруу жана трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаятты жүзөгө ашыруунун жана баланын үй-бүлөлүк камкордукка болгон укугун коргоонун жана камсыздоонун алкагында журналисттер, блоггерлер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында журналистика адистигине окуп жаткан жогорку курстардын студенттеринин арасында баланын үй-бүлөлүк камкордукка болгон укуктары, багып алуучу (фостердик) ата-эне кызматтарын өнүктүрүү, социалдык жетимдиктин алдын алуу үчүн жер-жерлерде социалдык кызматтарды түзүү жана алдыга жылдыруу темаларын чагылдыруу боюнча сынак жарыялайт.

  1. Сынактын максаттары:
  • Массалык маалымат каражаттары аркылуу балдарды үй-бүлөлүк камкордук менен камсыздоого, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу;
  • Социалдык жетимдиктин алдын алуу жана үй-бүлөлөргө жана балдарга турмуштук оор абалдан чыгууга көмөктөшүү максатында жер-жерлердеги социалдык кызматтарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча коомчулуктун ой-пикирин позитивдүү нукка буруу.
  1. Сынактын урааны: «Балдарга үй-бүлө керек!»
  2. Сынакка көрсөтүлүүчү материалдардын негизги темалары:
  • Үй-бүлө жана үй-бүлөө баалуулуктары
  • Ар бир баланын өз үй-бүлөсүндө тарбияланууга болгон укугу
  • Ар бир баланын үй-бүлөлүк чөйрөгө болгон укугу
  • Үй-бүлөдө баланы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү
  • Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдү түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү
  • Коомчулуктардын деңгээлинде социалдык кызматтарды түзүү жана өнүктүрүү аркылуу социалдык жетимдиктин алдын алуу

        4.     Сынактын катышуучулары

Сынакка Кыргыз Республикасында ар кандай медиа-форматта – басма сөз массалык маалымат каражаттарында (ММК): гезиттерде, журналдарда (жарнактык жана корпоративдүү эмес), электрондук ММКда, телеберүүдө, радио, интернет-басылмаларда, маалымат агенттиктеринде штаттык жана штаттык эмес түрдө эмгектенген журналисттер, блоггерлер жана жогорку окуу жайлардын журналистика бөлүмдөрүнүн жогорку курстарында окуган студенттер катыша алышат.

Сынакка түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жарандарга үй-бүлө баалуулуктарынын, камкор үй-бүлөлүк чөйрөнүн, баланын үй-бүлөдө тарбияланууга болгон укугунун, ата-энелик милдеттерди аткаруунун позитивдүү жана жоопкерчиликтүү ыкмаларынын маанилүүлүгү; ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар үчүн багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдү жана альтернативдүү камкордуктун башка түрлөрүн түзүү жана өнүктүрүү, коомчулук деңгээлинде социалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу социалдык жетимдиктин алдын алууну чагылдырган материалдар кабыл алынат.

  1. Талаптар:
  • Сынакка көрсөтүлгөн материалдар басма сөз маалымат каражаттарында, интернет айдыңындагы ММКда, маалымат агенттиктердин сайттарында, теле- жана радиоберүүлөрдө 2019-жылдын 1-ноябрынын жана 20-декабрынын аралыгында далилдүү түрдө жарыкка чыгышы керек.
  • Материалдарды кабыл алуу 2019-жылдын 23-декабрына, саат 17:00 гө чейин улантылат.
  • Сынактын жыйынтыгы 2019-жылдын 28-декабрына чейин чыгарылат.
  • Бир автор же соавторлор тобу 5 материалга чейин тапшырууга укуктуу.
  • Эгерде сынакка соавторлор тарабынан даярдалган материал көрсөтүлсө, башка авторлорго сынак жөнүндө маалыматты материалды сынакка көрсөтүүдөн мурун берүү зарыл. Автордук укуктар боюнча келип чыккан талаш-тартыш боюнча сынактын уюштуруучулары эч кандай жоопкерчиликке ээ эмес.
  • Сынакка жиберилген материалдар боюнча рецензиялар жазыбайт жана материалдар кайтарылып берилбейт.
  • Сынакка көрсөтүлгөн материал боюнча автордук укуктарды сактоо жоопкерчилиги материалды сынакка жөнөткөн автордун мойнунда.
  • Сынакка жиберилген материалдардын ичинен тандалып алынгандары Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, «SOS Балдар айылдары Кыргызстан» коомдук фондунун жана сынактын өнөктөштөрүнүн сайттарында чагылдырылышы мүмкүн.
  • Сынактын уюштуруучулары сынакка келип түшкөн материалдарды керектүү учурда пайдалануу укугуна ээ.
  • Сынакка материалдарды тапшыруу менен, автор ал жиберген материалды коммерциялык эмес максаттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сый акы төлөбөстөн маалымат каражаттарында, көргөзмөлөрдө, сынакты жарыялоодо, социалдык жарнактарды жаратууда пайдаланууга карата өзүнүн макулдугун тастыктайт.
  • Сынакка илимий басылмалар, семинарлардын, тренингдердин, конференциялардын, тегерек столдордун докладдары же башка материалдары жана темага туура келбеген материалдар кабыл алынбайт.
  • Сынактын тили – кыргыз жана орус тилдери.
  • Авторлор сынакка акысыз жана өз ыктыярлары менен катышышат. Жаш курак чектөөлөрү жок.
  • Материалды сынакка жиберүү менен автор жогоруда көрсөтүлгөн шарттар менен макулдугун тастыктайт.
  1. Сынактын жүрүшүнүн тартиби

Сынакка катышуу үчүн 2019-жылдын 23-декабрына, саат 17:00 гө чейин төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

  • Сынакка көрсөтүлгөн материал (1. Басма сөз жана интернет-басылмаларында жарыкка чыккан материалдар Word форматында 2. Аудио/видео файлдар CD-дискте же сайтка/файл алмашуучу порталга шилтеме түрүндө)
  • Сынакка көрсөтүлгөн материалдар электрондук түрдө “СЫНАК” аталышындагы кат аркылуу info@soskyrgyzstan.kg электрондук почтасына жиберилет.
  • Бардык материалдар жарыкка чыгарылгандыгы тууралуу далилдер менен коштолушу керек (гезиттеги/журналдагы макаланын көчүрмөсү, Интернет-баслымасында жарык көргөн макаланын/материалдын скриншоту, материалдын теле-/радиоберүүгө чыккан датасы жана убактысы көрсөттүлгө эфирдик маалымкат).
  • Аудио/видеоматериалдар жүктөп алууга, угууга/көрүүгө мүмкүн болгон файл алмашуучу порталга жүктөлөт жана ага шилтеме info@soskyrgyzstan.kg электрондук почтасына келген катта так көрсөтүлүшү керек.
  1. Уюштуруучу комитеттин укуктары:
  • Сынактын шарттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген материалды сынакка катышуудан четтетүү;
  • Кээ бир материалдарга так жана адекваттуу баа берүү үчүн сынак комиссиясынын мүчөлөрүнөн сырткары аталган жааттагы укуктук тематика боюнча адистерди тартуу;
  • Сынакка келип түшкөн материалдардын көчүрмөлөрүн иш-чараларды маалымат жана билим берүү максатында көрөтүү/пайдалануу.
  1. Сыйлыктар

Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана сыйлыктар ыйгарылат:

1 орунга –  ноутбук;

2 орунга – планшет;

3 орунга – смартфон.

Мындан сырткары, сынактын өнөктөштөрү тарабынан төмөнкү категориялар боюнча сыйлыктар каралган:

  • Телеберүүдө жарык көргөн материалдар
  • Радиодо жарык көргөн материалдар
  • Гезиттерде жана интернет-басылмаларында жарык көргөн басма сөз материалдары.
  1. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгаруу
  • Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, «SOS Балдар айылдары Кыргызстан» жана «Балалык Институту» коомдук фонддорунун өкүлдөрүнөн, алдыңкы журналисттерден, редакторлордон, медиа жаатындагы адистерден турган сынак комиссиясы 2019-жылдын 28-декабрына чейин сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт.
  • Сынактын уюштуруучулары келип түшкөн материалдардын санына жана сапатына жараша сынактын байге фондун толук эмес пайдаланууга укуктуу. Эгерде каражаттар артып калса, бул үнөмдөлгөн сумма дем берүүчү байгелерге жумшалат.
  • Авторлор сынакка көрсөткөн бардык материалдарды “SOS Балдар Айылдары Кыргызстан” КФнун info@soskyrgyzstan.kg электрондук почтасына өзү тууралуу кыска маалыматты жана байланыш телефондорун камтыган “Сынак” темасындагы кат аркылуу жөнөтүүгө тийиш.
  • Материалдарды кабыл алуунун акыркы күнү – 2019-жылдын 23-декабрь күнү, саат 17:00 гө чейин.

 

Кошумча маалымат жана табыштама формасын алуу үчүн “SOS Балдар Айылдары Кыргызстан” КФна кайрылсаңыздар болот. Биздин дарек: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 94, 3 б.; телефон номуру: (996 312) 611546; электрондук почта: Zinat.kirbasheva@soskyrgyzstan.kg

Пайдалуу
Ссылкалар