Кыргызстанда аудиолог кабинети ачылды

Бишкек шаарынын № 6 үй-бүлөлүк медицина борборунда Кыргызстанда биринчи ата мекендик адистин, аудиологдун кабинети ачылды.  Аудиологдун кабинети кохлеардык импланттары менен  Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жеткиликтүү болот.  Мурда сүйлөө процессорлорун жөндөө боюнча кызматтар биздин өлкөдө жеткиликтүү болбой, КРнын жарандары ар 6 ай сайын чет өлкөгө барууга муктаж болушкан.

Жай мезгилинде Кыргызстандын эки адиси Киев шаарындагы “Жакшы угуу чеберканасы” мектебинде  окуудан өтүп, бардык керектүү билимдерди, адистештирилген жана өстүрүп өнүктүрүүчү адабиятты  алышып, эми Кыргызстандагы адистерди окутууга киришишти.

Адистерди окутуу “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен “Өнүгүү” балдар борбору” коомдук бирикмесинин   “Угуунун бузулушу менен балдар үчүн билим берүүнүн  жеткиликтүүлүгү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Пайдалуу
Ссылкалар