Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы студенттер, жумушсуз жарандар, бүтүрүүчүлөр үчүн М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде бош жумуш орундар жарманкесин уюштурду

2019-жылдын 21-ноябрында КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы студенттер, жумушсуз жарандар, бүтүрүүчүлөр үчүн М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде бош жумуш орундар жарманкеси болуп өттү.
Баардыгы болуп Бишкек шаары боюнча Бош жумуш орундар жарманкесинде 4000 бош жумуш орундары коюлду.
Жарманкеде 26 жумуш берүүчүлөр катышты, атап айтканда: “Hyatt Regency Bishkek” мейманканасы, компания «Нео Телеком», Ассоциация “Легпром”, ж.б. 500 жумушсуз жарандар иш-чарага катышты. Жумушка жолдомо 73 адам алды.
Студенттер үчүн жумуш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтар тууралуу презентация көрсөтүлдү, мындан сырткары КР Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү студенттерге мамлекеттик кызматка кандай конкурстук тандоодон өтүшү боюнча эрежелерине түшүнүк берип өттү.
Адаттагыдай эле мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүү иш-чаралары өткөрүлдү, тактап айтканда “Бешти байкап көр” оюну. Окуучулар алынган жыйынтыгына ыраазы болушту.
Иш менен камсыз кылуу тармагында активдүү жана көп жылдык кызматташтык үчүн, жумуш берүүчүлөргө ыраазычылык баракчасы жана чакан белектер тапшырылды.
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин ректору Кадыралиев Алмаз Токтобековичке жарманкени өткөрүүгө шарт түзүп, аянтча бөлүп бергендигине ыраазычылык билдиребиз.

Пайдалуу
Ссылкалар