“Үмүт – надежда” балдарды калыбына келтирүү борборуна 10 тонна көмүр берилди

5-декабрда, “Үмүт – надежда” балдарды калыбына келтирүү борборуна 10 тонна көмүр берилди. Мекемени колдоо “Тяньши” корпорациясы тарабынан көрсөтүлдү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, мындан ары тыгыз кызматташуу улана берерине ишенерин айтты.

Жолугушуу учурунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен “Тяньши” корпорациясы ортосунда Меморандумга кол коюу пландалды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар