3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнү, 350 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусу менен салтанаттуу иш-чара өттү

3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнү, 350 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусу менен салтанаттуу иш-чара өттү.
Анын алкагында КРнын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана аларга кам көргөн бейөкмөт уюмдардын, Коомдук бирикмелердин, ошондой эле реабилитациялык борборлордун өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырышты.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өздөрүнүн жеке умтулуусу, аракети, талыкпас эмгеги менен жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, иш-чара концерт менен коштолду.
Министр Улукбек Кочкоров мамлекеттин саясаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго реабилитациялоого жана интеграциялоого багытталган аракеттер тууралуу айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол койгон Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция ратификацияландыгын баса белгиледи.
Улукбек Кочкоровдун айтымында, мамлекет болгон көйгөйлөргө карабастан, майыптыгы бар жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган аракеттер жасалууда.
“Биздин жалпы максатыбыз – майыптуулугу бар адамдар биздин өлкөнүн толук кандуу жарандары деп сезүүсүнө жардам берүү. Аларга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү”, – дейт министр.

Пайдалуу
Ссылкалар