12 272 аял мамлекет менен социалдык контракт түзүп, өз ишин ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Самарканд шаарында өткөн “Өзбекстандын жана Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин аялдарды колдоодогу тажрыйбасы” аттуу эл аралык аялдар форумуна онлайн форматта катышып, жалпы өлкөнүн аялдарына берилүүчү экономикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, колдоо үч негизги багытта көрсөтүлөт.
“Мамлекет менен социалдык контракт түзүп, өз ишин баштаган жарандардын 96% дан ашыгын аялдар түзөт. Бюджеттен жалпысынан 100 миң сомдон 12 272 аял алган.
Ошондой эле мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында Министрлик тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча долбоорлорго каражат берилет.
Эмгек министрлигине караштуу көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 127 кесип боюнча кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурат”, – деди ал.
Жаңыл Алыбаева Кыргызстанда 2026-жылга чейин Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.
«Министрлик кайтып келген мигранттар үчүн инструменттерди активдүү киргизүүдө.
Алсак, жеке бизнес ачуу үчүн гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо үчүн онлайн-окутуу уюштурулду”, – деп белгиледи министрдин орун басары.
замминистра.
Пайдалуу
Ссылкалар