Кыргызстанда багып алуучу үй-бүлөлөрдүн институтун өнүктүрүү боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат

Өлкөдө 150 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматтарын алышты.

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үй-бүлөлүк курчоодо тарбиялануусу үчүн Министрлик учурда багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүүгө багытталган активдүү иш-чараларды алып барууда.

Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок, өздөрүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жарандар жашаган жери боюнча райондук/шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.

30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан жогору эмес, баалоодон, окуудан, тандоодон өтүшкөн жарандар багуучу  ата-эне  боло алышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) 6 миң сом ай сайын бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон  балдар жайгаштырылат.

Пайдалуу
Ссылкалар