««Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын февраль айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15-21 февралына чейин 2641 телефондон кайрылуу (же бир суткада 377 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 33  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 7 же  (20,0 %) жаш балдардан, ал эми 26 же (80,0 %) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 23 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 2 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

33 чалуунун  ичинен эркектерден – 8 (24,2 %), аялдардан – 25 (75,8 %), алардын ичинен балдардан – 7: анын ичинен эркек балдардан – 2 (28,6 %), кыздардан – 5(71,4 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 5 абонент чалган;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 4;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 4;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 4;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

– билим берүү системасы – 3;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 3.

– психологиялык жабырлануудан – 2;

-балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

2608 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  14 же  ( 42,4%);

– Ош облусунан – 5 же  (15,2 %);

– Ысык – Көл облусунан – 4 же  ( 12,1%);

– Чуй облусунан – 4 же (12,1%);

– Джалал-Абад облусунан – 4 же (12,1 %);

– Нарын обласынан – 1 же (3,0 %)

– Баткен облусунан – 1 же  (3,0 %).

Пайдалуу
Ссылкалар